Өзбекстан коронавирустун жаңы түрүнүн келиши жана анын таркап кетүү коркунучун алдын алуу максатында айрым эрежелерди иштеп чыкты.
Соңку күндөрдө айрым мамлекеттерде, айрыкча, Улуу Британия, Италия, Дания, Австралия, Нидерланды жана Түштүк Африкада жаңы коронавирус инфекциясынын аныкталган учурлары көбөйүп, абал курчуп барат.
Бул мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Европа жана башка мамлекеттер да эл аралык аба каттамдарын токтотуу чечимин кабыл алган.
Өзбекстан да аталган мамлекеттер менен 21-декабрдан тарта 2021-жылдын 10-январына чейин каттамдарын токтотту (кириш, чыгыш жана транзиттик каттамдар).
Ошондой эле Британия, Италия, Германия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерланды жана Түштүк Африка Республикасы аркылуу учуп Өзбекстанга келе тургандар 14 күнгө карантинге алынат.
Мусаев Өзбекстан коронавирусту жеңгенин айтты