Кыргызстанда 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жылы» деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мусуралиев айтты.
Ишкерлер өткөн жумада президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго 2021-жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө сунуш жиберишкен.
2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп белгиленген.