Бишкек мэриясынын «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева кызматтан кетти.
Анын милдетин аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Айгүл Наватова аткара турган болду.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Элнура Жолдошева өз арызынын негизинде иштен алынганы кабарланды.