Биз менен байланышыңыз

Жо Байден түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 722 | 0

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден 21-декабрда көпчүлүктүн катышуусунда коронавируска каршы эмдөө алды. Бул процесс түз эфир аркылуу чагылдырылып турду.

78 жаштагы саясатчы жана анын жубайы эмделүү үчүн «Biontech» жана «Pfizer» компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан.

Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки мындай ачык жараян коомчулукка вакцинанын коопсуздугун далилдөө үчүн жасала турганын айткан болчу.

Буга чейин АКШнын вице-президенти, кызматтан кетип жаткан Майк Пенстин «Biontech» жана «Pfizer» вакциналарын алып жатканы түз эфирде чагылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM