Биз менен байланышыңыз

Түркия: Ооруканадагы жарылуудан каза болгондор 9га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 571 | 0

Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарындагы ооруканада чыккан жарылуудан улам каза болгондор 9га жетти. Бул тууралуу “Anadolu” басылмасы жазып чыкты.

Газиантеп шаарындагы университет ооруканасында, коронавирус менен ооругандарды жандандыруу бөлүмүндөгү кычкылтек аппараты жарылган. Анын кесепетинде алгач 8 адам каза болгону айтылган. Кийинчерээк дагы бири жан тапшырган.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан башка жабырлануучулар ар кайсы ооруканаларга жеткирилген. Алардын абалы тууралуу маалымат айтылган эмес.

Окуяга байланыштуу тергөө иштери башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM