Биз менен байланышыңыз

Мамытов Камбар-Ата ГЭС-2ни модернизациялоо долбоору менен таанышты

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 746 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышты.

Кыргызстанда Нарын дарыясы электр энергиянын негизги булагы болуп саналат, анда төмөнкү суу электр станциялары жайгашкан — Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана «Камбар-Ата-2».

Камбар-Ата ГЭС-2нин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт (ар бири 120 МВт үч блок). Азыркы учурда бул жерде 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи блок иштеп жатат, расмий түрдө 2010-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген.

Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү үчүн инвестицияларды издөөнүн натыйжасында Евразия Өнүктүрүү Банкы жана Евразия стабилдештирүү менен өнүктүрүү фондусу менен жеңилдетилген насыяларды тартуу боюнча келишим түзүлдү.

«Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи сууагрегатын ишке киргизүү» долбоору 120 МВт кубаттуулуктагы станциянын экинчи сууагрегатын ишке киргизүүнү, ошондой эле 500 кВт (ОРУ) ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү курууну камтыйт.

Ошондой эле, азыркы учурда, Камбар-Ата-2 жана Күрпсай ГЭСтеринин ортосундагы 110 кВ аба электр чубалгыларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигине байланыштуу, Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи блогу мүмкүн болгон 120 МВттын ичинен 80-90 МВт гана жүк менен иштеп жатат.

500 кВ ОРУ курулманын курулушунан кийин, биринчи агрегаттын «жабык» кубаттуулугун бошотуп, 40 МВтка жакын кошумча өсүш алууга болот. Бошотуунун натыйжасында Камбар-Ата 2 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 240 МВтты түзөт жана ошондой эле өндүрүлгөн кубаттулукту «Датка-Кемин» линиясына берүүгө мүмкүнчүлүгү берилет.

Талант Мамытов плотина жана машиналык цехти көрүп чыкты, ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинин иши жана курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат менен таанышты. Ал куруучулар жана энергетиктерди мамлекет бул ири долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт деп ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM