Биз менен байланышыңыз

Кемел Токобаев АФКнын Чемпиондор Лигасындагы финалдык беттешине комиссар болду

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 625 | 0

Кыргызстандык Кемел Токобаев Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Чемпиондор Лигасындагы финалдык беттешине комиссар болуп дайындалды. Бул тууралуу футболдук союздун инстаграмдагы баракчасында жарыялады.

Токобаев Кемел ФИФА жана АФК комиссары, ошондой эле Кыргыз футболдук союзунун (КФС) Аткаруучу комитетинин мүчөсү.

Быйылкы сезондо АФКнын Чемпиондор Лигасы пандемияга байланыштуу жаңы форматта өтүп, командалар калган оюндарды Катардын Доха шаарында өткөрүүдө.

Финалдык оюнда «Персеполис» (Иран) — «Улсан Хёндэ» (Түштүк Корея) кезигип, беттеш бүгүн, 19-декабрда өтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM