Биз менен байланышыңыз

Өрт: 7 киши жабыркады, 1адам оор абалда

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 513 | 0

Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринде жылытуучу система (котел) жарылып, үйдүн жашоочулары жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Келип чыккан өрттөн улам беш бала менен ата-энеси жабыркаган.

«Бейтаптар ооруканага түндө түшкөн. Балдар учурда балдардын шаардык клиникалык ооруканасында. Алардын абалы канааттандырарлык. 13 жаштагы бир баласы менен аял жана эркек киши Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Аялдын абалы оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө», — дейт министрликтин маалымат кызматы.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборундагы баласы менен атасы күйүк бөлүмүндө экени айтылды.

Бишкекте чыккан өрттөн 1 киши каза болду

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM