Бир жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн 300дөй кыргызстандык мигрант каза болот. Бул тууралуу кечээ, 18-декабрда Мигранттын эл аралык күнүнө арналган иш-чарада айтылды.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, ушул жылдын башынан бери сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн 260 арыз берилип, 13 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылы 191 арыз берилип, 8,8 миллион сом, 2019-жылы 288 арыз берилип, 14,4 миллион сом берилген.
Чет өлкөдөн жүк-200дү алып келүү үчүн 50 миң сомдон төлөнөт.