Биз менен байланышыңыз

Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 559 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Ал белгилегендей, уюшулган жумушчу топтор маанилүү стратегиялык багыттар боюнча иш алып барды.

«Экономикалык реформалардын жыйындысын өткөрүү үчүн жаңы концепцияларды, жаңы каламдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун сапаттуу, жемиштүү жана ыкчам ишин камсыздоо абдан маанилүү. Негизги милдет катары реформаларга карата кадамдарды кардиналдуу өзгөртүү жана өркүндөтүү саналат, аларды толук жана ыраатту ишке ашыруу аркылуу реформалар чындыгында калктын жана өлкөнүн бакубаттуулугуна таасирин тийгизүүсү үчүн экономикалык жана социалдык тармактагы анын практикалык жыйынтыгына жетишүү зарыл. Бүгүнкү күндө калкты жумуштуулук менен камсыздоо негизги милдет болуп саналат. Буга байланыштуу Өкмөттүн жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды коргоону жана инвесторлордун бакубат ишмердүүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо боюнча иши ириде ушул милдеттерди чечүүсү тийиш. Жарандардын өз мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануусу үчүн шарттар болуусу керек», — деди Артем Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө ар кайсы тармактагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоорлору каралды жана талкууланды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Салык кодексинин концепциясынын жана Укук коргоо, сот органдарынын жана бизнестин мамилелерин натыйжалуу түзүү механизмдери боюнча концепциясынын долбоорлору жактырылды. Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынындагы талкууларды эске алуу менен калган концепция долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Кеңештин келерки жыйыны 28-декабрга белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM