Биз менен байланышыңыз

«Акындар кызмат талашкан жери жок, элдин үнүн жеткирип жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Дек 2020 | 887 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгомбаев «Марал» радиосуна берген маегинде акындар саясий, коомдук кырдаалдарда пикирин айтып турушу керектигин билдирди.

Ал улуу төкмө акындар саясий кырдаалды айтып ырдагандыгы үчүн сүргүнгө кеткенин эскерип, азыркы акындар да коомго пикир айтып туруусу зарыл экенин белгиледи.

«Акындар кызмат талашып жаткан жери жок. Бирок руханий азыктарын берип, акыл-насаатын айтышы керек. Өз учурунда калыс сын-пикиримди айтып турам. Биз сынды туура кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Биз шайлоолордо адамдардын тандай билүү мүмкүнчүлүгүн ойготушубуз керек. Алар калыс, акыйкат, өздөрүнүн жан-дили менен тандай билсе жакшы болмок. Эл тааныган өнөрпоздор саясий, коомдук кырдаалдарда өзүнүн оюн билдириши шарт. Бул саясат эмес, коомго өз пикирин билдирүү. Анткени биз улут катары өсүшүбүз зарыл», — деди Болгомбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM