Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 535 | 0

Кыргызстанда 18-декабрга карата коронавирустан дагы үч адам көз жумду. Өлкөдө бул илдеттин айынан көз жумгандардын жалпы саны 1324кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде  264 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 миң 679ду түзүүдө.

Учурда ооруканаларда 1773 бейтап дарыланып жатат, анын 82си өтө оор абалда, 483 адам оор абалда, 1186 бейтап орто оордукта, 22 адам канааттандыраарлык абалда. Үй шартындагы дарыланууда 2649 бейтап бар.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 395 адам. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 72 051ге жетти.

Ал эми Казакстанда акыркы сутканын ичинде дагы 690 адам коронавирус менен катталды. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 145 213 адамдан коронавирус дарты аныкталган.

Тажикстандын аймагында бир сутканын ичинде коронавирус менен жаңы 37 бейтап катталды. Улуттук бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, бир суткада 42 адам ооруканалардан чыгарылды.

30-апрелден бери Тажикстанда жалпы 12 852 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 12 295 адам айыкты. Бул жалпы сандын 95,7 пайызын түзөт.

Коронавирустун кесепетинен 89 адам көз жумган.

Бүгүн, 18-декабрда Өзбекстанда дагы 137 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 75 675 адамдан коронавирус тастыкталган.

Учурда 72 961 адам коронавирустан дарыланды. Бул жалпы сандын 97 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM