Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бразилия эмдөөдөн баш тарткандарга жаза колдонот

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 528 | 0

Бразилиянын жогорку соту мамлекет коронавируска каршы эмдөөдө калкты «кыйыр түрдө» мажбурлай алууга уруксат берди. Бул мыйзам кабыл алынса, бийлик иммундук вакцинадан баш тарткан жарандарга чектөөлөрдү киргизе алат.

«Жогорку сот мыйзам боюнча Covid-19га каршы вакцинаны алуу милдеттендирилсин деген чечим кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Вакцинациядан баш тарткандарга кандай чара колдонулары тууралуу так айтылган эмес, үлгү катары айрым жайларга барууга же айрым иштер менен алектенүүдө чектөөлөр болушу каралган.

Ошондой эле сот эмдөө үчүн элдин макулдугу керектигин, ал болбогон жагдайда вакцина саюу мыйзам бузууга жатарын кошумчалаган.

Бразилияда коронавируска каршы жапырт эмдөө 2021-жылы башталары күтүлүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM