Connect with us

Арзыкулов: 2 студенттин чет жакта билим алуусу үчүн 100 миң доллар каражат табылды

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 1181 | 0

Кыргызстанда жакында эле ачылган Global Education Foundation (GEF) уюму 2 студентти чет өлкөгө окууга жиберүүгө демөөрчү тапты. Бул тууралуу аталган уюмдун негиздөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов билдирди.

Анын айтымында, долбоорду биринчилерден болуп курулуш жаатында ишкерлик кылган Эмилбек Жусупов колдоп берип, беш жылга 2 студент үчүн 100 миң доллар бөлүп бере турган болду. Ошондой эле, ишкер Эмилбек Жусупов долбоорду челлендж катары сунуштап, башка ишкерлерди билим тармагына салым кошууга жана колдоого чакырган.


«Окуу үчүн каражат сурап кайрылган жаштар көп»


Белгилей кетсек, «GEF» (Global Education Foundation) коммерциялык эмес уюму дүйнөдө билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан билим алууну каалаган жаштарга каржылык жардам көрсөтүп, контрагын толугу менен төлөп берет. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов билимге суусаган жаштардын чет өлкөдөн билим алуусуна шарт түзүп, өлкөгө татыктуу кадрларды даярдап берүү негизги максаты экенин айткан.

«Билимге дилгир, мекенчил жаштар абдан көп. Биз алардын чет өлкөдө билим алуусуна шарт түзүп, контрагын, жол кире, жашоо чыгымдарын төлөп берели деп жатабыз. Өлкө учурда кадрдык кризисте турат. Ал үчүн мыкты кадрларды даярдообуз — заман талабы», — дейт Хабиб Арзыкулов.

Аталган уюм 2021-2022-окуу жылдарына 50 студентти АКШ, Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу жайларына жөнөтүүнү пландап жатат. Ал эми алардын чыгымын ата мекендик демөөрчүлөр аркылуу чогултмакчы.

Арзыкулов GEF’тин келечектеги долбоорлорун атады

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM