Биз менен байланышыңыз

Арзыкулов GEF’тин келечектеги долбоорлорун атады

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 598 | 0

«Global Education Foundation» алдыда мугалимдер, студенттер арасында тажрыйба алмашуу долбоорлорун ишке ашырат. Бул тууралуу аталган долбоордун негиздөөчүсү Хабиб Арзыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн мыкты адистерди чакырып, семинар, тренингдерди уюштуруу планда бар.

«Мугалимдер үчүн конкурстар аркылуу чет өлкөдө тажрыйба алмашуу программалары иштелип чыгышы мүмкүн. Колдоочуларга байланыштуу… Билим тармагында жакшы долбоорлорубуз бар, азыр кеңешип жатабыз», — деди Арзыкулов.

Ал белгилегендей, абитуриенттер Америка, Европа, Кытай, Корея, БАЭге жөнөтүлөт. Дүйнө жүзүндө алгачкы миңдикке кирген университеттерге жиберүү максатка ылайык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM