Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүк жарманкеси: Эт 390 сомдон, кумшекер 46 сомдон сатылды

Экономика | 17 Дек 2020 | 1182 | 0

Мындан бир канча күн мурда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Бишкек мэриясы борбор калаада азык-түлүктөрдү дүң баа менен саткан жарманке ачыларын жар салган эле. Ага ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын эки жеринде — Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү өндүрүмдөрдүн жарманкеси өттү. Саат 11:00гө мерчемделген чакан базардын иши саат 13:00дө башталып, анда эт менен кумшекер гана сатыкка чыкты. Базардан айырмаланып, бул жерде эт 390 сомдон, ал эми кумшекердин килограммы 46 сомдон сатылды.

Жарманкеге келген Бишкек шаарынын тургуну Алымбек Оморов 5 кг эт сатып алганын, мындай иш чаралар көп-көп уюштурулуп турса, элге жардам болмогун айтат.

«Эттин сапаты жакшы экен. Эми ушундай жарманкелер жума сайын уюштурулуп турса жакшы болмок. Өзгөчө карапайым элге сонун болот эле. Мисал үчүн, базарда этин баасы 450 сомдон жогору, бул жакта эт 50-60 сомго арзан болуп жатпайбы. 50-60 сом деле акча да, 5 килограмм эт алсаң, 250 сом үнөмдөп жатпайсыңбы. Бул жакшы да». 

Эт саткан ишкана бүгүн 240 килограмм эт алып келип, баары сатылып кетти. Аларды жарманкеге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги чакырган. Аталган ишкананын өкүлү Эмил Мамбеткулов кийинки жарманкелерде да ушул эле баада, бирок бүгүнкүдөн көбүрөөк алып келүүгө убада берди.

«Биз эми бүгүн биринчи жолу өткөрүп жатпайбызбы. Жалпысынан эки уйдун этин алып келгенбиз. Бирин 7-кичи райондо өтүп жаткан жарманкеге жөнөткөнбүз. Ал жакта да жарым саатта түгөнүп калыптыр. Өзүңүздөр көргөндөй, бул жактагысы да заматта өтүп кетти. Эч нерсе калбай калды. Чынын айтканда, мындай болорун күткөн эмеспиз. Эми демалыш күндөрү көбүрөөк эт алып келебиз». 

Жарманке Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги тарабынан пилоттук долбоордун негизинде уюштурулду. Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, министрликтин өкүлү Каныбек Алчинов жарманке биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыктан, мүчүлүштүктөр болгонун айтып, катышып берген ишканалардын баарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле шаар тургундарын кийинки өтө турган жарманкеге да келүүгө чакырып кетти.

«Негизи биз мындай болорун күткөн эмеспиз. Башында эт саткан ишканалар менен сүйлөшүп, ар бир точкага 100 килограммдан гана алып чыгалы деп пландаганбыз. Бирок кайра ойлонуп, 250 килограммдан, жалпы 500 килограмм алып чыгууну туура көрдүк. Ошондой эле бардык ишканаларга ыраазычылык билдирем. Шаар тургундары, демалыш күндөрү келиңиздер, анда мындан да чоңураак масштабда өтөт».

Эскерте кетсек, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 17-декабрдан тарта айыл чарба азыктарынын жарманкелери башталарын билдирген. Кийинки жарманке 19-20-декабрда ушул эле аймактарда өтөт.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM