Биз менен байланышыңыз

Путин Кыргызстан, чек ара, вакцина жана Америка тууралуу айтты

Дүйнө | 17 Дек 2020 | 11658 | 0

Орусия президентинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат конференциясы быйыл 16-ирет өттү. Бул жолку баарлашуу башка жылдардан айырмаланып, коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн форматта уюштурулду.

Жергиликтүү журналисттер жана чет элдик маалымат булактарынын өкүлдөрү Эл аралык соода борборунда чогулушту. Алар 200 адамды түзүп, аралыкты сактоо менен отургузулган. Ал эми калган аймактардагы федералдык журналисттер онлайн катышты. Жалпы 774 журналист аккредитациядан өткөн.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл президент Путин Жаңы-Огаревадагы резиденциясында болду. Суроолорду буга чейин болуп келгендей Путин өзү тандабастан, маалымат катчысы Дмитрий Песков иргеп турду.

Алгач эле пандемиянын өлкөгө тийгизген таасири, ага Орусия канчалык даяр болгону жана канчалык көтөрө алгандыгы боюнча суроолор берилди.

— Пандемияга байланыштуу кандай кыйынчылыктар болбосун, биз аны татыктуу кабыл алдык деп айта алам. Медицинасы, илими менен мактанып жүргөн айрым мамлекеттерге караганда ыкчамдыкты көрсөттүк. Ооба, башында эмне кыларыбызды, тесттен кантип өткөрүп, эмне дарыларды берерибизди билбей жаттык. Бирок кыска аралыкта мунун баары жөнгө салынды. Орусиядагы тестирлөө дүйнө боюнча алдыңкы үчтүккө кирди. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму билдиргендей, ооруну азайтуудагы эң биринчи кадам тестирлөөнүн сапаттуулугу жана жапырт жасалышы болду. Орусия вакцина өндүргөн алгачкы мамлекеттерден болду.

Путин 95 пайыз эффективдүү делген вакцина 97 пайызга чейин таасирдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Орусия чек арасын качан ачат?» — деген суроого, «Качан дарыгерлер уруксат берсе», — деген жооп узатты. Ошондой эле чек аранын жабыктыгын мүмкүнчүлүк катары колдонууга болорун, бул аралыкта эл ички туризмге салым кошо аларын кошумчалады.

Эл аралык мамилелер

Бул жыйында да Америкага тиешелүү суроолор болбой койгон жок. Путин Кошмо Штаттардын учурдагы президенти Дональд Трамп тууралуу жооп берип жатып, анын саясий чөйрөдөн кетүү ниети жоктугун белгиледи. «Себеби америкалыктардын 50 пайызы аны колдойт», — дейт Орусия лидери.

Ошондой эле Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден боюнча оюн билдирип, анын ички саясаттагыдай эле, тышкы саясатта да тажрыйбасы бар экендигин айтты. Ошондуктан буга чейинки эки өлкө ортосунда болгон пикир келишпестиктер аз болсо да азаярынан үмүттөнүп турганын жашырбады.

«Кайсы өлкөнүн башчысын мыкты деп санайсыз», — деген суроо узатылды. Ага Путин башка мамлекеттин жетекчилерин жакшы же жаман деп бөлбөй турганын, алар менен Орусиянын кызыкчылыгы үчүн кызматташарын айтты.

Көбүнчө Эрдоган менен көз карашы келишпей турганын, бирок Түркия президенти сөзүндө туруп, ишин чала кылбагандыгын кошумчалай кетти.

Кыргызстан тууралуу

Путин Кыргызстан тууралуу жооп берип жатып, төмөнкүлөрдү айтты:

— Ал жакта дайыма ушундай көрүнүш. Алар дайыма ички саясий көйгөйдү алдыга чуркап өтүп, айрым Батыш мамлекеттеринин үлгүсүндө чечкиси келет.

«2024-жылдагы президенттик шайлоого катышасызбы?» — деген суроого Путин: «Мыйзам боюнча уруксат берилет, бирок азырынча чечим кабыл ала элекмин», — деп жооп берди.

Орусиядагы Путин башкарган конференция алгач ирет 2001-жылы уюштурулган. Анда журналисттерге маалымат берүү 1 саат 35 мүнөт өтүп, эң кыска баарлашуу катары катталган. Ал эми эң узак баарлашуу 2008-жылы өтүп, 4 саат 40 мүнөткө созулган. Андан башка жыйындар негизинен 3,5-4 сааттын тегерегинде өтүп келет.

2001-жылдагы алгачкы жолугушууда катталган журналисттердин саны 500дү түзсө, өткөн жылы 1895 адамга жетип, рекорд жараткан. Ал эми быйыл 16-жолку жыйынга катышуу үчүн жалпы 774 журналист каттоодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM