Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.
Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестиция тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу милдеттерге ээ болот. Тиешелүү адистер тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат.
Сүт палатасы туруктуу баа саясатын, сапаттык көрсөткүчтү көзөмөлдөйт. Тактап айтканда, сүттүн баасынын элге ыңгайлуу, фермерлерге киреше алып келе тургандай бирдиктүү болушун камсыздап, сапатынын эл аралык талаптарга ылайык, антибиотик жана химикатсыз болушун карап турат. Мунун аркасы менен кыргыз сүтүн экпортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ветеринардык саясатты ишке ашыруу секторунун башчысы Жылдызбек Орозбаев билдирди.
«Сүттүн сапатын жогорулатуу, антибиотик жана химикалык заттар менен күрөшүү — негизги максатыбыз. Өзүбүздүн элибизге эң керектүү болгон сүт азыктары менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле кыргыз сүтү бренд катары экпортко эң сапаттуу, таза, зыянсыз сүт катары чыгышы керек. Кыргыз сүтү эл аралык талаптарга жооп бергидей болушу керек. Баасынын да биринчи кезекте элге, ошону менен бирге фермерлерге да ыңгайлуу болушун көзөмөлдөйбүз, — деди Орозбаев.
Жеке ишкер Темирбек Ажыкулов бул демилгени туура деп эсептейт. Ал белгилегендей, эгер сүт палатасы фермерлерди, малчыларды үйрөтүп, аларга жол көрсөтүп, сүттү сыртка чыгара ала турган болсо, анда Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетишет. Бул жерде мамлекеттик орган эмес, жеке сектор өзү иштеши керек.
«Негизинен, бул — идея катары жакшы. Эгер сүт палатасы фермерлерге, малчыларга сүттү өндүрүүнү, сапатын жакшыртууну үйрөткөн, окуу-семинарларды өткөн багытта иш алып барса, анда абдан жакшы болот. Андан кийин сүттү сыртка сатууга мамлекет жардам берсе, чоң ийгиликтерге жетишебиз. А эгер жөн эле бир мамлекеттик орган катары ачып, бир чиновникти отургузуп койсо, бул — туура эмес. Негизи, айыл чарба багытында мамлекеттик орган эмес, жеке сектор өзү иштеши керек. Мамлекет багыт көрсөтүү, шарт түзүү, мыйзамдарды жөнгө салуу аркылуу гана жардам бере алат».
Сүттү жана сүттөн жасалган азыктарды сатуу — элдин киреше табуу булактарынын бири. Буга чейин ушул багытта окутуу программалары ишке ашырылган эмес. Эгерде палата ушул багытта кетсе, долбоор элге да жакшы болмок. Мындай пикирин айыл чарба тармагы боюнча эксперт Акан Иманов билдирди.
«Буга чейин карапайым эл, малчылар үчүн сүт багытында окутуулар, ушул багытты өнүктүрүү боюнча долбоорлор да болгон эмес. Эми бул палата биринчи кезекте фермерлерге, мал баккандарга пайда алып келген долбоор болушу керек».
Белгилей кетсек, сүт палатага мүчөлөр тандалып алынды. Эми документтер даярдалып, Юстиция министрлигине жөнөтүлөт. Алар уруксат берип, бекиткенден кийин палата өз ишин баштайт.