Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселеси талкууланууда

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 648 | 0

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо  маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тараптын делегациясын өлкө премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелерди жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аякташыбыз керек. 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди да баштообуз керек», — деди Ташиев.

Жолугушуунун күн тартибинде топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны 2020-жылдын 20-ноябрынан бери жетектей баштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы, башкача айтканда 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM