Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Паспортко кайрадан улут графасы киргизилди

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 1089 | 0

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Бул токтом Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган.

Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Copyright © 2017 Maral FM