Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун судьясы кармалды

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 793 | 0

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун судьясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Соттун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы «О.К.Т.» тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

Такталган маалыматтар боюнча, судья «О.К.Т.» өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларацияда көрсөткөн эмес, тиешелүү киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс класстагы автоунаалар бар.

Аны менен бирге кармалган судья жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды.

Кармалган жаран мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген.

Ошондой эле сотко чейинки териштирүүнүн алкагында коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң доллардан ашык акча каражаттарын берген.

Мындан сырткары өзүнүн чечими менен Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу Өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага миллиондогон чыгым келтирген.

Ошол эле учурда, жогорудагы чечими үчүн улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган.

2020-жылдын 14-декабрында Башкы прокурордун судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштамасы судьялардын кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими менен канааттандырылган.

15-декабрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен  кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына кармалды. Тергөө уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM