Биз менен байланышыңыз

Мамытов менен Матраимовдун байланышы барбы? Президенттин басма сөз катчысынын комментарийи

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 1335 | 0

Журналист Али Токтакунов жана «Фактчек.кг» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялап, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун  байланышын иликтешти.

Иликтөөдө Талант Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу жаран Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси экени айтылат.

14-декабрда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек, Талант Мамытовдун Райымбек Матраимов менен байланышы бар деп айтылган журналисттик иликтөөгө карата комментарий берди. Ал журналисттик материалда айтылган Тынчтык Сулайманов Талант Мамытов менен 2019-жылдын май айына чейин иштеген. Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги белгилүү болгондон кийин кызматынан бошотулган деп билдирди.

«Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна ылайык, Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайды иликтөө жана маалыматтарды текшерип чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына бардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү кирген жана аны Талант Мамытов жетектейт деген чечим кабыл алынган.Депутаттык комиссиянын төрагасы катары ал комиссиянын бардык отурумдарына катышууга милдеттүү болчу. Ошондуктан, комиссиянын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу Талант Мамытов анын бир да отурумун калтырган эмес деген сөздөрдү кандайдыр бир чечим кабыл алууда жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болбойт. Журналисттик материалда айтылган анын жардамчысы Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдо 2019-жылдын май айына чейин иштеген. Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги белгилүү болгондон кийин ал кызматынан бошотулган.

Башкача айтканда, Саймаити боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишмердүүлүгү учурунда Сулайманов, Талант Мамытовдун консультанты болгон эмес жана анын ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир эте алган эмес.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, депутататтык комиссия иштеп баштаган учурдан тарта аталган факты боюнча 6 кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында, укук коргоо органдарына «Азаттык» жана башка ЖМКлардын журналисттик иликтөөлөрүндө келтирилген фактылар боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү жана анын жыйынтыгында укуктук баа берүү тапшырмасы берилген», — деп белгиледи Галина Байтерек.

Copyright © 2017 Maral FM