Биз менен байланышыңыз

Новопокровкадагы өрттүн келип чыгуу себеби айтылды

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 823 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Новопокровкадагы өрттө каза болгон энеси менен балдарынын аты-жөнүн тактады.

13-декабрь күнү саат 14:36да Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы чон Чүй каналынын түштүк тарабында жайгашкан үй өрттөнүп жатат деген маалымат түшкөн.

Аталган дарекке ӨКМден 2 жана Аламүдүн базарынын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунунун 1 өрт өчүрүү техникасы тартылган.

Өрт өчүрүү бөлүмү жерине барган кезде, кашардын четиндеги турак жай өрттөнүп жаткан.

Өрт учурунда:

1). 1995-жылы туулган О.к.А.;

2). 2014-жылы туулган Т.А. (эркек бала);

3). 2016-жылы туулган Т.А. (кыз бала);

4). 2017-жылы туулган Ж.Б. (эркек бала) күйүп кеткен.

Алардын сөөгү табылып, райондук милиция кызматкерлерине жана тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык,  13-декабрь күнү кашардын жумушчусу 1999-жылы туулган Т.А. аттуу жигит от жагуу үчүн желим бөтөлкөдөгү бензинди мештеги отунга чачып, ширеңке чаккан учурда өрт желим бөтөлкөгө, андан сон баланын  кийимине жабышкан. От жаккан жигит тирүү калган. Тилекке каршы, ошол үйдү турактаган жаш келин 3 баласы менен каза болгон.

Кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Кашардын дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы жыгачтан (финский) полу жана шыбы жыгачтан.

Жылуулук системасы меш (печное). Чатыры шиферден, балкалары жыгачтан курулган. Өрттүн кесепетинен 320 чарчы метр күйгөн, кашардын чатыры жана эки бөлмөсү жана киребериши күйгөн, 1080 м2 өздүк курам тарабынан сакталып калган.

Copyright © 2017 Maral FM