Биз менен байланышыңыз

Монголия жарандар үчүн коммуналдык төлөмдөрдү бекер кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 1036 | 0

Монголия бийлиги жарандардын кыш мезгилиндеги үй-бүлөлүк чыгымдарын жокко чыгарган чечим кабыл алды.

Ага ылайык, Монголиядагы үй кожейкелери 2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 1-июлуна чейинки электр энергиясы үчүн болгон төлөмдөрдөн бошотулду; ошондой эле аталган аралыкта турак жайы 100 чарчы метр аянтты ээлеген тургундар жылуулук, суу жана таштанды салыгын төлөбөйт.

Кабыл алынган чечим боюнча 123 800 ишкана жана 900 000ден ашык үй кожейкеси төлөмдөн бошотулган. Мындан пайда болгон чыгашалардын ордун толтуруп берүү милдетин «Эрдэнэт» мамлекеттик компаниясы алды.

Мамлекеттин мындай аракетине жооп кылып, өлкө тургундары бири-бирин электр энергиясын, суу жана жылуулукту үнөмдөөгө чакырууда.

Борбор калаада карантин жарыяланган, айрым аймактарын эске албаганда, Монголиянын башка бөлүгүндө кадимки жашоо уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM