Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусиядагы 2 консулдугун жабууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 503 | 0

АКШ өкмөтү Орусиянын Владивосток жана Екатеринбург шаарларындагы Баш консулдуктарын толугу менен жабууну пландоодо. Бул тууралуу дипломаттарга таянып «Коммерсантъ» сайты жазды.

Маалыматтарга караганда, учурда Владивосток менен Екатеринбургдагы АКШнын Башкы консулдуктарын жабуу маселеси каралууда. Екатеринбургдагы консулдук март айынан бери зарыл учурларда гана кызмат көрсөтүүдө. Москвадагы АКШ элчилиги менен Сахалиндеги консулдук да ушул тартипте иш алып барууда. Мындан тышкары, пандемия башталганынан улам элчиликте кызматкерлердин жетишсиздигинен улам орусиялыктарга виза кызматын көрсөтүү чектелген.

Азырынча Москвадагы АКШ элчилиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM