Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жаңы паркка көзөмөл камералары орнотулат

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 387 | 0

Бишкек шаарынын Боталиев менен Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркка көзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Шаардын капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы сейил бакка видео көзөмөл тутумун орнотууну пландаштырууда. Тендер жакында мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Паркта 7,5 гектар аянтты көзөмөлгө алган 52 видео камера коюлат. Ошондой эле жарандар үчүн акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар Wi-Fi зоналары орнотулат.

Сейил бакка көзөмөл кармераларын орноштуруу үчүн 2 млн 634 миң сом каралды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM