Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан майрамга карата 2082 жаранына мунапыс берди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 379 | 0

Түркмөнстанда бейтарап (нейтралитет) күнүнө карата эркинен ажыратылган 2078 жаранга жана 4 чет элдик жаранга мунапыс берилди. 2580 адам жарандык алды. Алардын арасында саясий туткундар же абийир туткундары барбы, азырынча белгисиз. Мунапыс берилгендердин тизмеси жарыяланган эмес.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча Түркмөнстан — калктын саны боюнча эң көп туткунга ээ. Мамлекеттик жана мусулман майрамдарына карата өлкөдө жыл сайын массалык мунапыс берүү орун алат.

Эл аралык укук коргоо органдарынын чакырыктарына карабастан, Түркмөнстан өлкөнүн мурунку президенти Сапармурад Ниязовго жасалган өлтүрүү аракети менен айыпталып, 18 жылдан ашык убакыттан бери абакта отургандарга мунапыс берүү маселеси каралган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM