Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Вируска кабылгандар 72 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 312 | 0

Бүгүн, 14-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 72 миллион 201 миң 176 адам жугузуп алды. Анын ичинен 47 миллион 202 миң 611 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, соңку суткада каза тапкан 8176 адамды кошуп эсептегенде, оору башталгандан бери 1 миллион 619 миң 944 бейтап илдеттен көз жумду.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча оору кеңири тараган беш алдыңкы өлкө: АКШ (16 млн), Индия (10 миллион го жакын), Бразилия (6,8 миллион), Орусия (2,6 миллион), Франция (2,4 миллион).

Коронавируска каршы вакциналар менен калкты жапырт эмдөөнү Британия, АКШ сыяктуу мамлекеттер баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM