Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов ЖЕЭКтин жыйынына катышты

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 394 | 0

11-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өтүп, ага Беларусь президенти Александр Лукашенко төрагалык кылды.

Жыйынга ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы катары Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, ал эми байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын учурдагы президенти Игорь Додон катышты.

Ошондой эле ЖЕЭКтин жыйынына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес катышты.

Жыйында Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Биримдиктин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин жыйынынын соңунда экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер менен документтер кабыл алынып, 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жактырылды.

Ошондой эле белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кубага ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM