Биз менен байланышыңыз

Илим Карыпбеков ашынган фанаттар тууралуу айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Дек 2020 | 1540 | 0

Медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Марал» радиосунун «Баарын сүйлөшөбүз» программасында маек куруп жатып, саясий фанатизм тууралуу ой бөлүштү.

Карыпбеков бир дагы саясий лидерди же партияны колдобойт. Ал ар бир лидердин туура жана туура эмес иштерин айтып туруу керек деген пикирде.

Анын айтымында, кайсы бир лидерди толук колдоо мүмкүн эмес, себеби кемчиликсиз лидер жок. Ошондуктан ал сокур фанатизмден алыс болууга чакырды.

«Бизде, кыргыздарда, тилекке каршы, «мен Садыр Жапаровдун командасындамын, мен Адахан Мадумаровдун командасынанмын же Абдил Сегизбаевдин командасындамын» деп бөлүнүп кетип жатабыз. Анан ал лидерлер туура айтса да, туура эмес айтса да, кол чаап калып жатабыз. Эгер бирөө: «Ал туура эмес кылды», — деп айтса эле: «Сен саткын, оома экенсиң», — деп чыгышат. Ушинтип жатып, биз элди да бөлүп жатабыз. Трайбализм биринчи кезекте ушул лидерлерди туу тутуп, колдоп алгандан болууда. Менин пикиримде, бул — сокур фанатизм. Лидердин жакшы жерин да, жаман жерин айтып турушубуз керек. Фанат деген ким? Адам өзүнүн пикирин бир жактуу кылып, аны эч өзгөртпөгөнүн фанатизм деп айтса болот».

Карыпбеков буга чейинки бардык президенттердин жакшы жактары менен кошо жаман жактары да болгонун кошумчалап, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары тууралуу ой бөлүштү.

«Садыр Жапаровдун да жакшы, жаман жактары бар. Ал да адам, жаңылат. Ошол жаңылган жерлерин айтпай, «бул сонун, алтын киши» дей берсек, ошол сокур фанатизм аны аңгекке түшүрөт. Биринчи кезекте ошол кишиге зыяны тиет, экинчи кезекте өзүңдүн билим деңгээлиң төмөн экенин көрсөтөсүң. Адамдын ою тигил же бул окуяга же адамга карата өзгөрүп турат, себеби биз тирүү организмбиз. Ошол себептен биздин көз карашыбыз ийкемдүү болушу керек. Талашып-тартышып атып, чындык жаралат», — деди Карыпбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM