Биз менен байланышыңыз

АКШ Рамзан Кадыровдордун жакындарына санкция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 811 | 0

АКШ бийлиги Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун демилгеси менен түзүлгөн Ахмат Кадыров атындагы фондго жана Кадыровго тиешеси бар ишкана, мекемелерге, айланасында жүргөн адамдарга санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги расмий сайтына жарыялады.

АКШ санкция жарыялоонун негизги себеби катары адам укуктарынын бузулушу деп түшүндүргөн.

Кадыровдун «кара тизмеге» кирген жакындары:

  • Спортчу Тимур Дугазаев;
  • Кадыровдун Европадагы өкүлү, күч блогундагы жардамчысы Даниил Мартынов;
  • Чеченстандын Орусия президентинин алдындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зияд Сабсаби;
  • Чеченстан Патрулдук кызматынын командири жана Кадыровдун катчылыгынын башчысы Вахит Усмаев;
  • Кадыровдун аргымактарын таптаган саяпкер Симар Сатиш.

Ал эми Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Кошмо Штаттардын бул аракетин туура эмес деп баалаган билдирүүсүн Телеграм каналына жазды.

Орусиялык маалымат каражаттары Рамзан Кадыров АКШнын «кара тизмесине» 2017-жылы эле киргенин жазууда.

Кошумчалай кетсек, АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитский тизмесине» киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM