Биз менен байланышыңыз

Назира Жетигенова: Туулгандагы ысымым — Кылычбек

Кыргыз элинде куудул айымдар саналуу гана. Алардын бири, дарегине айтылган сындарга сынбай, сулуулугуна дайыма кам көрүп, жаш бойдон калууга умтулган куудул Назира Жетигенова «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, өткөн-кеткен күндөрүн эстеп, кызыктуу маек куруп кетти.

Соңку жаңылыктар көп

Жаңылык көп аябай. Башка өлкөгө кетүүнү ойлоп жүргөм. Анан ошол үчүн унаамды саткам. «Чет өлкөгө бир жылга барып, эл-жер алмаштырып, чыгармачылыкка дем-күч, энергия жыйнап келсем», — деген план бар эле. Анткени, жаңы сатира жазууга, интермедия чыгарууга аракет жасап жатам, бирок такыр эле илхам келбейт. Түркияга барам деген пландарыма карантин күнөөлүү болуп калбадыбы (күлүп).

Аялзаты үчүн куудул болуу абдан оор

Дарегиме: «Карыганда калжаңдабай үйүңдө олтура берчи, ушунун чыкканы жаман өттү, небереңди багып олтур», — деген сөздөр айтылып турат. Азыр мен да баарына атайын жашарам деп айтып коеюнчу (күлүп). Карыган деп 70-80 жашка чыкканда айтса жарашат. Ага чейин Жараткан күч-кубат берип аткандан кийин иштеш керек. Ал эми аялзатынын куудул болушу кыргыздын менталитетине туура эмес, жат көрүнүш. Мисалы, ырчы айым болсоң, сын сөздүн «Жакшы же жаман ырдайт», — деген эки тарабы айтылат да. Ал эми куудул үчүн азыркы жашоодо күлдүрүү абдан оор. Эл да сени: «Булар дайыма күлүп-жайнап жүрөт», — деп түшүнөт. Адам баласы болгондон кийин маанайың жок учур болуп калат да. Андайда ачуума тийгендерди кыйкырып, урушуп салсам: «Сиз да урушасызбы? Сиздин да маанайыңыз түшөбү?» –деп таң калышат.

Жаңы жылга жакшы пландарым бар

«Аябай, арыктап кеттиңиз? Жаш балага тийгени жатасызбы?» — деген суроолор абдан көп берилет. Эл көзүндө жүргөндөн кийин боло элек нерсени айткандан коркосуң. Бирок, эң биринчи планым, эл айтмакчы, «карыганда калжаңдабай, абышкалуу болуу» (күлүп). Азыркы учурда жигитим менен сүйлөшүп жүрөм. Башында: «Мурдагыдай бир айга кетип калуу жок, ашып кетсе эки күнгө эле уруксат», — деген келишим түзүлгөн. Ыраматылык атамдын бир карап койгон көз карашынан эле коркуп турчубуз. Анын сыңарындай, ал менден күчтүү мырза. Айтканын кылат, мүнөзү жакшы. Экөөбүздүн эң биринчи жолугушуубуз да бир башкача. Мындан 2 жыл мурун лыжадан оң бутумду сындырып алып, ооруканага жатып калгам. Ал да кырсыктап, сол буту сынып, ошол жерде жатыптыр. Мени сыртымдан таанып: «Сени карасам, бир нур чачырады. Ошол жерден эле сүйүп калдым», — деди.

Бир ай Кылычбек болуп жүрүпмүн

Атам: «Буюрса, 3 уул, 3 кыздуу болом», — деп калчу экен. Менден улуу эки байкем, эки эжем бар. Анан мени уул болот деп күтүптүр. Атам командировкага кеткенден 2 күндөн кийин төрөтканага жетпей, үйдө мен төрөлүп калам. Атамдын достору: «Уулдуу болдуң», – деп тамашалап коюшуптур. Ал болсо: «Кылычтай курч болсун», — деп атымды Кылычбек коюптур. Ошону менен бир ай Кылычбек болуп жүрүп, анан Назира деп өзгөртүшкөн экен. Атамдын тарбиясын алдым. Чоңойгуча эле койнунда жаттым. «Кимдин кызысың?» — дешсе, «Мен Солтонун баласымын», — дечү экем.

Чыгармачылыктан сырткары көп жумушта иштедим

ИИМде, ооруканада, нан бышыруучу жайда, базарда иштедим. Официант болуп да көрдүм. Айтор, жумуштан коркпойм. Карантин учурунда той-маарекелер токтоп калып, иштейм деп чыктым. Анан курьер деген  кызмат бар экен. Сурасам: «Айлыгы 25 миң сом» дешти. Иштөө убактысы, эртең мененки 10дон, кечки саат 18:00гө чейин экен. Макул десем, баары каршы чыгышып: «Койчу, Назира  Жетигенова да иштейби?» — деп, жумушка албай коюшкан (күлүп).

Сулуулук үчүн көп кадамдарга баргам

Кичинемде, күзгүнүн алдынан чыкчу эмес экем. Чачым тармал, мурдум кырдач, оозум оймоктой көрүнүп, «Кудайым ай, апа эмнеге мынча сулуу кылып төрөп койгонсуз?» — десем, апам: «Тиши жок, мурду картөшкөдөй, бети жара. Ошондо да өзүнүн сулуулугуна суктанат», — деп калчу. Эми элдин назарында жүргөндөн кийин жакшынакай көрүнүү керек. Сыналгыдан мурундун үстү жагы бир башкача көрүнө берчү. Анан мурдумду, көзүмдү жасаттым. Мен барган клиникага бизнесмендер, депутаттар да барып, пластикалык операция жасатып жатышканын көрүп оозум ачылган (күлүп). Бетиме пластикалык операция жасаткан эмесмин. Азыр болгону 2 сааттык массажга барып жатам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM