Биз менен байланышыңыз

Жумалиев Пакистандын ТИМине нота жиберүүнү сунуштады

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 529 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Пакистанга нааразылык нотасын жиберүүнү Тышкы иштер министрлигине сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 10-декабрдагы жыйынында билдирди.

Жумалиев Пакистан өкмөтүнүн Кыргызстандын 18 медициналык окуу жайын кара тизмеге киргизгенин өлкөнүн билим берүү системасын кемсинтип, ички иштерине кийлигишүү катары баалады.

«Пакистан өкмөтү Өзбекстандын да медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизген. Өзбекстан ТИМи аларга нааразылык нотасын жиберип, анын натыйжасында кара тизмеден чыгарылган. А биздин Билим берүү жана илим министрлиги эч бир реакция жасаган жок».

Ушул жылдын 29-октбярында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын баарын кара тизмеге киргизген. Буга Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы себеп болгон. Ошондой эле алардын 90 %ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышканы айтылган.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык багыттагы адистерди даярдаган окуу жайлардын ректорлору менен жолугуп, бул окуу жайларга көзөмөл күчөтүлөрүн айткан.

17-ноябрда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын төрт медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарганы комиссиясынын сайтына жарыяланды. 

Жашыл тизмеге Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM