Биз менен байланышыңыз

Беларусия чек арасын убактылуу жабат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 398 | 0

Беларусь бийлиги коронавируска байланыштуу 20-декабрдан тарта өлкөнүн чек арасын убактылуу жабууну чечти.

Токтомго ылайык, өзгөчө себеби барлар гана өлкөдөн чыга алышат.

Пандемия башталгандан бери Беларусияда 150 миңден ашык адам вирус жуктуруп алган, 1200гө жакын бейтап каза болгон.

Пандемиянын башында бийлик катаал карантин киргизген эмес, өлкө президенти Александр Лукашенко колду бат-баттан жууп, хоккей ойноону сунуштап, коронавирусту чоң маселе көрбөй турганын айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM