Биз менен байланышыңыз

Жумабеков парламенттин жыйынында Эрдоган менен Путинди мактады (видео)

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 1176 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков парламенттин 10-декабрдагы жыйынында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Орусиянын лидери Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

«КМШга кирген Азербайжан жана бизге дос мамлекеттердин бири Армениянын ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн айынан согуш чыгып, көптөгөн жарандар, аскерлер кайтыш болуп кетти. Мен алардын баарына көңүл айтам. Бирок эң негизги ыраазычылыкты ушул согушту токтотуп берген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Орусия президенти Владимир Путин мырзага айтат элем. Анткени согуштун токтотулушуна ушул лидерлер чоң салым кошушту», — деди Жумабеков.

Депутат мындан тышкары, азербайжандыктарды тарыхый мекенине кайтып келиши менен куттуктап, тарыхта Тоолуу Карабах Азербайжандыкы деп айтылып келгенин кошумчалады.

Дастанбек Жумабеков түрк тилдүү мамлекеттерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, Түркия президенти Эрдоган дайыма калыс, туура сөзүн айтып келгенин белгилеп, бул үчүн ага дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Тоолуу Карабах жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабахтын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө эки тараптан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да каза тапкан.

10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Кийинчерээк азербайжан аймагында түзүлүп жаткан мониторинг борборунун ишине Түркия катышып, элдешүү жараянынын сакталышына көз сала турганы белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM