Биз менен байланышыңыз

«Майып балдар жылдан жылга көбөйүүдө»

Кыргызстанда жылдан жылга майып балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Балдарды жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгери, невропатолог Нурмухаммед Бабажанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл башында 32 миң майып бала каттоодон өткөн. Алардын 34 %ы нерв системасынын бузулуусу менен байланыштуу. ал эми 12 %ынын акыл-эси кем. Жалпысынан майып балдардын 46 %ы нерв оорулары менен жабыркайт.

Бул көрсөткүч жыл санап өсүүдө. Алсак, 2010-жылы мындай балдардын саны 22 миңди түзсө, быйыл 32 миңге жетти. Бул — орчундуу көйгөй.

«Анын себептери да көп, витаминдердин жетишсиздиги, экологиянын бузулуусу жана башкалар. Ар бир үй-бүлө балалуу болордо атайын даярданып, пландаштырышы зарыл. Кыргызстанда аялдардын дээрлик 40 %ы аз кандуулук менен жабыркайт. Кан жетишпесе, түйүлдүктөгү баланын өсүп-өнүгүшү начарлайт. Мындан сырткары, темирдин жетишсиздиги да тубаса кемтиктерге жол ачууда», — дейт Бабажанов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM