Биз менен байланышыңыз

Бабажанов: Талма оорусунун башкы себеби — стресс

Мединфо , Пикирлер | 11 Дек 2020 | 1721 | 0

Талма оорусунун түрлөрү көп. Жаш балдарда бул илдет кальций, магний, витаминдердин жетишпестигинен улам пайда болот. Бул тууралуу Балдарды жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгери, невропатолог Нурмухаммед Бабажанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлар төрөлгөндө кыйналып, кандайдыр бир травма алып, мээсине кан кеткендиктен да талма оорусуна чалдыгышы ыктымал. Баланын бүткөн бою тырышып, эсин жоготуусу талма оорусунун белгилерине кирет.

«Талма илдети экиге бөлүнөт. Биринчиси, кандайдыр бир себепке ылайык, ал эми экинчиси, тукум куучулук. Талма оорусуна стресс эң чоң себепкер болот. Туура эмес тамактануу да илдеттин негизги себептеринин бири. Мындан сырткары, гаджеттерди көп колдонуу өсүп келе жаткан баланын мээсине чоң таасир этет. Бала бир калыпта отурганда булчуңдар катып калып, кан айлануу жакшы жүрбөй калат. Натыйжада мээге жакшы азык жетпей, талма оорусуна чалдыгып калуу коркунучу жогору. Ошол эле учурда уктоо режимин бузбоо керек. Ал да талмага жол ачат», — дейт Бабажанов.

Ал белгилегендей, талманы алдын ала дарылоого болот. Ал үчүн дароо дарыгерлерге кайрылуу, себебин, түрүн аныктоо зарыл. Талма оорусунун 30дан ашык формасы бар. Ар бири өзүнчө дарыланууну талап кылат. Туура эмес дарылоо илдетти күчөтүп жибериши мүмкүн.

Чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу дарылардын жетишпестиги бар.

Бабажанов техникалар көбөйгөн сайын ооруларга себеп болуп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM