Жо Байдендин АКШ президенти катары ишке киришүү инаугурациясы коронавирус пандемиясынан улам виртуалдык түрдө өткөрүлөт. Бул тууралуу «CNN» каналына конгрессмен Жеймс Клайберн маалымдады.
Клайберн 2021-жыл 20-январдагы инаугурацияны уюштуруучулардын бири болуп дайындалган.
«Президенттин ант берүү аземин салттык түрдө уюштуруу күтүлүүдө, бирок бул ирет инаугурациянын 75-80 пайызы виртуалдык түрдө өтөт», — дейт Клайберн.
Байден өткөн жума ант берүү аземин өткөрүүдө коронавируска каршы чараларга өзгөчө көңүл бурууга чакырган.