Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө интернет сооданын мөөнөтү келе элек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 432 | 0

Кыргызстанда азырынча калк азык-түлүк, тамак-ашты интернет аркылуу сатып албайт. Ошондуктан бул багытта соода ачууга убакыт келе элек. Мындай пикирин «Ордо Трейд» компаниясынын негиздөөчүсү Эрлан Сейткулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизнес идеянын натыйжалуулуугу 3-6 ай аралыгында байкалат.

«Мисалы, өлкөдө интернет сооданын мөөнөтү келе элек. Азык-түлүктөрдү сатууда интернет дүкөн ачууну сунуштабайм. анткени калктын саны аз. Айталы, дүкөнгө кирип чыгууда 1 сааттан ашык кезек күтүү жаралганда, адам убакытты үнөмдөө максатында интернет аркылуу буюртма берет. Азырынча калааларыбызда унаа тыгыны да азыраак», — дейт Сейткулов.

Ал кыска убакытта киреше бере турган ишкердикке басым жасоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM