Биз менен байланышыңыз

Интернет соодасы базарга каттагандарды азайтты

Экономика | 7 Июн 2019 | 824 | 0

Интернет соода учурда кеңири жайылып баратат. Үйдө отуруп эле, интернет аркылуу Бишкек тургай, чет өлкөдөн да каалаган буюм-тайымыңды алдырып алсаң болот. Эгерде убакытты үнөмдөө жагын алсак, мындай соода — жакшы ыкма. Бирок бул тармактын өнүгүп жатканына базар соодагерлери нааразы. Алар соодасы күндөн-күнгө азайып, кирешеси төмөндөп жатканын айтышат. Көрбөй туруп, социалдык тармактан буйрутма бергенге шаардын тургундары канчалык ишенет? Деги эле бул кызмат бүгүнкү күндө кандай ролду ойнойт? Бул тууралуу алдыда сөз кылабыз.  

Гүлбадам Жекшен кызы 38 жашта. Үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери «Дордой» базарында соода кылышат. Ал акыркы эки жылдан бери соодасы жүрүшпөй, кыйналып турган учуру. Мунун себебин өлкөдөгү интернеттин кеңири жайылышынан көрөт. Интернет дүкөндөрдүн көптүгүнөн, элдин базарга болгон агылуусу азайып жатканын айтып, буларга токтолду:

— Биз үй-бүлөбүз менен соода кылып жан сактайбыз. Башыбызда кредит бар. Орунду ижарага алып иштетебиз. Мурун жакшы болчу. Кийинки күндөрү соода аябай эле солгундап, кыйналып жатабыз. Шым сатабыз. 4-5 жыл мурун окуу жылы башталарда кардарларды тейлегенге жетишпей калар элек. Азыр андай агымды көрбөйсүң. Сапат жагынан дүкөндөр менен эле теңтайлашып келебиз, болгону эл азыр оңой жашоого көнүп, бардыгын буйрутма берип алып келип жатпайбы. Анын үстүнө, алардын товарлары арзан. Анткени, мамлекетке салык төлөшпөйт да. Биз болсо ижараны да, салыкты да төлөп убара тартабыз.

Жогорудагы пикирден улам, биз аталган тармак бүгүнкү күндө кандай иш алып барарын, баасын жана сапатын билүү максатында shop.kg интернет дүкөнүнө баш бактык. Дүкөндүн ээси Айнура Кимдин айтымында, соода жайда кийим-кече жана жаш балдардын оюнчуктары сатылат. Товарларын Орусия, Түркия жана Кытайдан алып келишет. Алар буйрутманы социалдык тармак аркылуу алышып, төлөмдөрдү банктык карта аркылуу жүргүзүшөт. Кардарлардын каалоосун беш күндөн бир айга чейинки убакытта аткарышат.

— Биз товарларды Түркиядан, Москвадан жана Кытайдан түз алып келебиз. Кийимдерибиз сапаттуу. Ал жагынан кепилдик бере алабыз. Бирок кээде буйрутма берген адамга өлчөмү туура келбей калган учурлар болуп калат. Ал биз үчүн көйгөй деле жаратпайт, себеби, кайра алмаштырганга шарттарыбыз бар. Буйрутманы биз бардык социалдык тармактардан алып, үйүнө чейин акысыз жеткирип беребиз. Эл эмне үчүн бизге көп кайрылат? Анткени, товарларды фирмалардан гана алабыз. Анын үстүнө, адамдар ысыкта жана суукта базар кыдыргылары келбейт. Үйдө отуруп эле, каалаган убакта буйрутма берүү — алар үчүн ыңгайлуу.

Экономист Эрлан Камаловдун айтымында, заманбап технологияларды өздөштүрүү өлкө үчүн негизги орунда турат. Анткени, мамлекетти санариптештирүүдө бул ыкманын  ролу чоң. Анткен менен интернет дүкөндөрдү мамлекеттик салык кызматы көзөмөлгө алып, алар да мыйзам чегинде салык төлөшү керек. Ал эми базарлардагы сооданын жүрүшпөй жатканын рыноктогу жазылбаган мыйзамдан улам деп эсептейт.

— XXI кылымды биз эмне үчүн технологиянын өнүккөн доору деп билебиз? Ааламда бардыгы көйгөйүн интернет менен чечип, жадагалса мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр да интернет аркылуу жүрүп жатпайбы. Ал эми Кыргызстанды алып карап көрсөк, биз да замандан артта калбашыбыз керек. Интернет аркылуу соода-сатыкты өздөштүрүү — учурдун зарыл талабы. Анткени, бул багыт бүгүнкү күндө тездик менен өнүгүүдө. Бирок биз муну мыйзамдаштырып, мамлекетке салык төлөгөндөй кылышыбыз туура болот. Антпесе, сайттар көбөйүп кетти. Элибиз алданып калбаш үчүн дыкат текшерүү кажет. Ал эми базарларды алсам, рыноктук экономикада мындай көрүнүштөр болуп келген жана боло берет. Биз болгону ыңгайлуу, үнөмдүү жана пайдалуу багытты тандап алышыбыз керек.

Бишкектин тургундары интернеттин жардамы менен буйрутма береби? Эмне үчүн элдин агымы бул багытка ыктап баратат? Бул суроолорду борбордун жашоочуларына узатып, жооп алдык.

— Мен буйрутма берип көргөн эмесмин. Кызыкпайт экенмин.

— Ооба, ар дайым тамакка тапшырык берем. Күнүгө иштегендиктен, тамак жасаганга деле убактым жок. Ошондуктан, бул тармакты колдоном.

— Мен «Али экспресс» сайтына буйрутма берип, көп нерсени алам. Эмне үчүн дегенде, ал жакта Бишкекте жок буюмдарды сатат. Өзгөчө.

— Мен ишенбейм. Кармап көрүп, тандап алганга көнүп калгам.

Copyright © 2017 Maral FM