Биз менен байланышыңыз

«Ишкер ишине таасир эте албаган тоскоолдуктарга көңүл бурбашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 661 | 0

Ишкер ишине таасир эте албаган тоскоолдуктарга көңүл бурбашы керек. Мындай пикирин «Ордо Трейд» компаниясынын негиздөөчүсү Эрлан Сейткулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесине терс таасир этүүчү жагдайларга көңүл буруп, маселени чечиши керек. Бирок ишкердин көзөмөлүндө болбогон кесепеттерге (саясий окуя, пандемия) маани бербегени оң.

Кыргыздар башкаларга салыштырмалуу тырышчаак келет. Бул касиетти ишкердикке колдонгон пайдалуу. Кыйын учурларда адамга креативдүү ойлор келет.

Өлкөдө мыйзамдардын туура эмес иштеши ишкердикке тоскоолдук жаратат. Бирок кыйынчылыктарды жеңип иштөөгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM