Баткен облусунун Баткен районунда жол кырсыгынан бир киши каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 8-декабрь күнү эртең мененки саат 07:45те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) «Hyundai Solaris» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен бир жаран каза болгон (1989-жылы туулган эркек бала). Жерине ӨКМнин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.