Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Баткендеги шифер өндүрүүчү заводдун имараты кеңейтилет

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 451 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты.

Анын ичинде «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧКсы тарабынан быйыл курулган шифер өндүрүү заводуна барды. Анда ал өкмөт ишкананы кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Учурда заводдун продукциясы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда, ишкана модернизациялангандан кийин продукцияны Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттоо мүмкүндүгү бар.

Артём Новиков «Түштүк-кыргыз цемент» заводуна да барды. Анда учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу заводдун бир бөлүгү гана иш алып барууда.

Новиков 450дөн ашуун адамды жумуш менен касыздап турган Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводуна барды. Завод көп убакыттан бери токтоп турат, ишкана жетекчилиги тарабынан анын ишин жандандыруу жана модернизациялоо боюнча аракеттер кабыл алынган эмес.

Буга байланыштуу эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тамеки өстүрүү, аны ферментациялоо жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга экспорттоочу толук кандуу тамеки кластерин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM