Биз менен байланышыңыз

Ак-Талаа районуна эксперименталдык айыл түшөт

Аймак сыймыктары , Коом | 7 Дек 2020 | 3585 | 0

Сейсмологиялык жактан кооптуу болгонуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарына жашоого тыюу салган.

«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин корутундусуна ылайык, Нарын облусунун Ак Талаа районунундагы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн тургундарын коопсуз аймакка көчүрүү зарылчылыгы бар. Мониторинг департаментинин 2006-2008-2010-жылдардагы корутундусуна ылайык, Ак Чий айыл аймагында жашаган 253 түтүн сел жүрүүчү кооптуу аймакта жашайт».

Министрликтин бул корутундусу 10 жыл мурун чыкканына карабай, айыл тургундары бүгүнкү күнгө чейин аймакта жашоосун улантып келишкен. Учурда аталган маселе чечилип, атайын долбоордун негизинде коопсуз аймактан жер бөлүнүп, жаңы айыл түптөө иштери башталды.

Долбоордун жетекчиси Төлөбай Кеңешовдун айтымында, жаңы түшө турган Ак-Тилек айылынын долбоору эксперименталдык негизде ишке киргизилет. Курулуш иштери жаңы заманбап технология менен жүргүзүлүп, үйлөр монолит, темир-бетондон тургузулат. Айрыкча жер титирөөгө туруштук берүүсү жана жылытуу системасы кылдат каралып, жашоочуларга бардык шарттар түзүлөт.

«Шаар куруу боюнча илимий-техникалык өнүгүүнүн алкагында эксперименталдык Ак Тилек айылы түшкөнү турат. Замандын талабына ылайыкталган долбоор болот. Ал долбоордо тургундардын жашоосуна бардык шарттар каралган. Буюрса, көрүнүктүү айылдардын бири болот».  

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин корутундусунан кийин айылда жаңы үй салуу токтотулган. Учурда эки айылды жалпы 264 үй-бүлө турактайт. Корутунду чыккандан көп өтпөй айыл тургундары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте 147 гектар жерди трансформациялоо боюнча Өкмөткө сунуш киргизген. Бирок ал иштер 2017-жылдын жазында гана башталып, 2019-жылы бүткөрүлгөн. Буларды маалымдаган Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмек Айыпов долбоордун алкагында түшө турган айылга 620 үй салуу каралып жатканын кошумчалады.

«Жерди трансформациялоого эки жарым жыл кетти. Буга чейин мамлекеттик курулушка аталган долбоор көрсөтүлгөн. Ошондон баштап иш акырындан жүрүп келе жатат. Эми азыр күтүп жатканыбыз эле — чет жерден келген инвестиция. Ошон үчүн бир аз кармалып турат. БУУнун Европалык экономикалык комиссиясына сунуш киргизилген. Каржылоо жагы жакшы болсо эле курулуш иштерин баштоого даяр турабыз. Жол, таза суу, канализация өңдүү бардык шарттар түзүлгөн».

Маалым болгондой, жаңы айылдын үйлөрүн толук бүткөрүү үч жылды талап кылат. Андан соң эски айылдардын элин көчүрүп келүү иштери башталат.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM