Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Улуу Британия жапырт эмдөөнү баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 368 | 0

Бүгүнтөн тарта Улуу Британия батыш мамлекеттеринин арасында алгачкылардан болуп коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштайт.

Өкмөттүн аныктамасынын негизинде алгач 80 жаштан ашкандар, карылар үйүндөгү бейтаптар, ошондой эле медициналык жана социалдык кызматкерлер эмдөөдөн өтөт.

Жалпы 40 миллион вакцинага буюртма берилген. Алгачкы партиясы 800 миң вакцина Бельгия өлкөсүнөн Британияга жеткирилди. Ал 2 бөлүктөн турат, жарамдуу мөөнөтү 21 күн.

Эмдөө жазга чейин жүргүзүлөт, ал эми май айынан баштап, жалпы калкты эмдөө башталат.

Улуу Британиянын премьер-министр Борис Жонсон бул процесс жай жүрөрүн эскертип, аралыкты жана гигиеналык эрежелерди сактоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM