Биз менен байланышыңыз

«Sputnik V» вакцинасынын сатыктагы баасы тастыкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 563 | 0

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Sputnik V» коронавирус вакцинасынын өндүрүүчүсүнөн алынган чектелген баасын тастыктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Алексей Кузнецов билдирди.

«Анын баасы эки компонент үчүн 1942 рублди (26,1 $ ) түзөт. Эки компоненттүү топтомдун баасы болжол менен 9 710 рублди (130,7 $ ) түзөт», — деди Кузнецов.

Буга чейин Орусиянын Тикелей инвестициялык фондунун (RFPI) башчысы Кирилл Дмитриев БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясында «Sputnik V» вакцинасынын бир жолку дозасы 10 долларга жетпей турганын айткан.

Учурда Орусия вакцинаны Беларусия, Венесуэла, БАЭ жана Индия өлкөлөрүндө сынап жатат. Чет өлкөдөн келген вакцина анализин алган адамдардын жалпы саны 5 миңден ашты, ал эми өлкө ичиндеги ыктыярчылардын саны 40 миңден ашты.

Ошондой эле Индия, Бразилия, Кытай, Түштүк Корея жана башка төрт өлкөдөгү заводдордо «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшүн жылына 500 миллион дозага чейин көбөйтүү боюнча келишим түзүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, август айында Орусияда «Sputnik V» коронавируска каршы вакцина катары катталган.

4-декабрда өлкөнүн Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Ташкентке коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын өзү алып келгени кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM