Коронавируска чалдыгуунун алгачкы стадиясында протоколго кирбеген дары-дармектерди, ар кандай антибиотиктерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева твиттердеги баракчасында жазды.
Сурабалдиева Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан тогуз бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулганын, алардын сегизи каза болгонун жазган.
Ошондой эле бул маселе боюнча Прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилгенин кошумчалаган.