Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкекте дагы 5 адам көз жумду

Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 487 | 0

Акыркы сутканын ичинде COVID-19 илдетинин кесепетинен дагы 5 бейтап каза тапты. Бешөө тең Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 5-декабрдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын кесепетинен жалпы 1290 адам көз жумду.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде 401 жаңы учур катталды. Муну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 74 миң 774кө жетти.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 425 бейтап сакайып чыкты. Өлкө боюнча вирустан айыккандардын саны 66 538ди түздү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM