Биз менен байланышыңыз

Новиков: Вирустун пайда болушу менен экономикадагы санариптешүү жогорулады

Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 443 | 0

Вирустун пайда болушу жана социалдык обочолонуу чараларынын киргизилиши менен экономиканы санариптештирүү деңгээли жогорулады. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал, санариптик экономиканы өнүктүрүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикалык гана эмес, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын кошумчалады.

«COVID-19 санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн катализатору катары анын жашоо чөйрөсүнүн бардык тармактарында кеңири колдонуусуна өбөлгө түздү. Вирустун пайда болушу жана социалдык обочолонуу чараларынын киргизилиши менен экономиканы санариптештирүү деңгээли жогорулады. Санариптик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу чек араларды басып өтүп, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана тоскоолдуктардын алынуусуна алып келет. Санариптик технологияны өнүктүрүү жолу бирдиктүү тейлөө рыногун курууда ар кандай тоскоолдуктарды жана чектерди жоюу үчүн негиз түзөт», — деп эсептейт өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Новиковдун пикиринде, Биримдиктин ички рыногундагы тейлөө секторун либералдаштыруу үстүндө ишти күчтөндүрүү зарыл.

«Санариптик күн тартип алкагында «Чек арасыз иш» долбоору иштелүүдө, ал жалпы эмгек рыногун түзүүгө, жумушчу күчтүн эркин жылуу процессин тездетүүгө жана эмгек ресурсунун мобилдүүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт. Бирдиктүү тейлөө рыногун уюштуруу ишинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын ыраатташтыруу боюнча иш-чараларды гана жүргүзүү эмес, бирикме өлкөлөрүндөгү тейлөө көрсөтүү жана сунуштоону либералдаштыру жана кайрадан жөнгө салуу чараларын да кабыл алуу керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Новиков.

Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM