Чүй облусундагы өрт кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу 40,5 пайызга азайды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
2020-жылдын 11 айына карата Чүй облусунда 658 өрт катталды, 2019-жылы 1089ду түзгөн.
Быйыл жалпы 11 адам каза болсо, өткөн жылы тилсиз жоонун кесепетинде 13 адам көз жумган.
Өрт кырсыгынын негизги себептери:
- электр жабдууларын туура эмес колдонуу;
- жылыткычты туура эмес колдонуу;
- шалаакылык;
- балдардын от менен ойноосу;
- тамеки чегүү.